Site icon Reporter.kg

Бишкекке Пакистандан 100 кыргызстандык учуп келди

Бишкекке Пакистандан 100 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда “Pakistan International Airlines” авиакомпаниясынын Исламабад-Бишкек-Исламабад каттамы боюнча чартердик рейсти тосуп алышты. Каттам Пакистандан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Пакистандын жарандарын алып чыгарып кетүү үчүн пакистан тарабы менен уюштурулган. Учурда бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылды.

Exit mobile version