Бишкекке Түркиядан 323 кыргыз жараны келди

Бишкекке Түркиядан 323 кыргыз жараны келди

Бишкекке Түркиядан 323 кыргыз жараны келди . Бул тууралуу Руспубликалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 29-июлда «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча Кыргызстандан Түркиянын жарандарын, Түркиядан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Түркия тарабы эл аралык авиакаттамды жандандырышына жана чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнө чектөөлөрдү алып салышына байланыштуу транзиттик алмаштыруу жолу аркылуу Кыргызстанга бул каттам менен биздин жарандар АКШ, Канада, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Түндүк Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея Республикасы, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Улуу Британия, Бельгия, Норвегия, Польша, Швециядан келишти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>