Түркиядан Бишкекке 232 кыргызстандык кайтып келди

Түркиядан Бишкекке 232 кыргызстандык кайтып келди

«Манас» эл аралык аэропортуна 2-июль күнү чартердик рейс менен Pegasus Airlines авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек каттамы менен Түркиядан 232 Кыргызстандын жараны кайтып келди. Анын ичинде кичинекей балдар дагы бар. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Аталган рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды. Мындан ары дагы чет мамлекеттерде жүргөн мекендештерди Кыргызстанга кайтарып келүү иштери улантылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>