Бишкекке Түштүк Кореянын премьер-министри келет

Бишкекке Түштүк Кореянын премьер-министри келет

2019-жылдын 17-июлунда Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ен расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу Түштүк Корея Өкмөтүнүн маалымат кызматы билдиргенин «The Korea Herald» басылмасы жазды.

Ли Нак Ен иш сапарынын алкагында президент Соороонбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушары күтүлүүдө.

Эки тараптын өкмөт башчылары транспорт жана инфратүзүм, медицина, электрондук өкмөт тарамактары боюнча маселелерди талкуулашмакчы. Андан тышкары,  кыргыз-корей бизнес-форумуна Ли Нак Ендун да катышары айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>