Бишкекке унаа сатып алуу үчүн барып, жолдо каза болгон жубайлар жерге берилди

Бишкекке унаа сатып алуу үчүн барып, жолдо каза болгон жубайлар жерге берилди

Бишкек—Балыкчы жолунун 73-чакырымында жол кырсыгында каза болгон жубайлар 15-январда жерге берилген. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Жол кырсыкта каза болгон Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан тургундары болгон.

Маркумдардын туугандарынын айтымында, аталган жубайлар Бишкекке жаңы унаа сатып алуу үчүн барган.

Үй-бүлө башчысы айылдагы активдүү жаштардын бири болчу. Ал эми жубайы аскер комиссариатында эмгектенген.

Алардын артында эки баласы калды. Жубайлар Кызыл-Суу айылында жерге берилди.

Кырсык Бишкек—Балыкчы жолунун 73-чакырымында 14-январда саат 13:00 чамасында катталган. Ысык-Көл тарапка бараткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, бет маӊдай келе жаткан дагы бир «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 1 киши жабыркаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>