Site icon Reporter.kg

Бишкекке Валентина Матвиенко баштаган делегация келди

Бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстанга Россиянын  Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко баштаган делегация келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, делегацияны «Манас» эл аралык аэропортунда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева тосуп алды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17- ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version