Site icon Reporter.kg

Бишкекке жаңы биринчи вице-мэр келди

Максатбек Сазыкулов

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Максатбек Сазыкулов дайындалды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ал турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча жооптуу болот.

Бул кызматты 2021-жылдын  июнь айынан бери аркалап келген Жамалбек Ырсалиев  Биринчи май районунун акими болуп мэрдин буйругу менен кеткен.

Максатбек Сазыкулов 44 жашта. Ал  Каржы министрлигинде, Мамлекеттик кызмат агенттигинде, өкмөттүк аппаратта иштеген, Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болгон. 2015-жылдан бери Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда иштеген. Быйыл июнь айында Бишкектин экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэри болгон.

 

Exit mobile version