Site icon Reporter.kg

Бишкекте үч унаа катышкан жол кырсыгы болду – сүрөттөр

Бишкек шаарындагы Жукеева-Пудовкин көчөсүндө үч унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу тастыктады.

“Lexus,  Honda Fit  жана BMW үлгүсүндөгү авто унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын натыйжасында жабыркагандар жок”, – деди Айтикул уулу.

Азыркы учурда жол кырсыгы каттаган жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.
[su_image_carousel source=»media: 48649,48650,48651,48652″ crop=»none» autoplay=»4″]
Кырсыктын сүрөттөрү интернеттен алынды

Exit mobile version