Бишкекте үйүн таштанды жагып жылыткан аялга айып салынды – видео

Бишкекте үйүн таштанды жагып жылыткан аялга айып салынды – видео

Үйүн таштанды жагып жылыткан аялга айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы жер үйлөрдүн биринен коюу чыккан кара түтүн боюнча даттануу келип түшкөн. Териштирүү учурунда үй ээси Г.Н.О. аттуу аял тыюу салынган таштандыларды жагып үйүн жылытып жатканы аныкталган.

Буга байланыштуу тийиштүү иштер жүргүзүлүп, үй ээсине 5500 сом айып салынган.

Мэрия тургундарды шаардагы экологияга аяр мамиле кылууга чакырат. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>