Бишкекте үлпөт тойдогу кортеждин 5 унаасына айып салынды

Бишкекте үлпөт тойдогу кортеждин 5 унаасына айып салынды

Бишкекте үлпөт тойдогу кортеждин 5 унаасына айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 1-ноябрда саат 14:00 чамасында Бишкек шаарындагы Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда жол эрежесин одоно бузуп бара жаткан  “Mercedes-Benz G-класс” (Гелендваген) үлгүсүндөгү үлпөт тойдогу кортеждин 5 унаасы токтотулуп, протокол толтурулган.  Аларга Кыргыз республикасынын бузуулар кодексинин 123-1 берененин 3-бөлүмүнө ылайык (Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузуу жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу) жана кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу системасынын үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу (ага тете жабдууларды орнотуу ) үчүн протокол толтурулган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>