Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Мурас-Ордо жаңы конушунда 2008-жылы туулган бала мойнуна бычак жеп каза болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя саат 9-11 чамасында жеке үйлөрдүн биринде катталган.
Анын сөөгүн апасы көрүп калган жана аймактык милицияга кабарлаган.
Мындан сырткары, анын 10-класста окууган агасы дайынсыз болууда. Маркум Чүй облусундагы Озерное айылындагы мектепте окуган.
Учурда милиция анын агасын издөөдө.