Бишкекте өспүрүмдөр менен жаш жигиттерди тоногон кылмыштуу топ кармалды

Бишкекте өспүрүмдөр менен жаш жигиттерди тоногон кылмыштуу топ кармалды

Бишкекте каракчылык жана тоноо менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, марттын аягында “Асанбай” кичирайонунда бир нече белгисиз адамдар башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында эки жаранга кол салышкан. Жабырлануучулардын бири 20 жашта, ал эми экинчиси жашы жете элек өспүрүм болгон.

Кылмышкерлер “Hyundai Sonata” үлгүсүндөгү  автоунааны жолдун жээгине кысып барып токтотушкан.  Жабырлануучулардын 25 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, эки тургунду адамдар жок жерде кармап, бирөөсүн кылмышкерлерге 2000 АКШ долларын карызмын деп тил кат жазууга мажбурлашкан. Андан соң физикалык күч колдонушуп, алардын автоунаасын 2000 АКШ долларына күрөөгө коюуга мажбурлаган.

Бул факты боюнча 202-берененин 2-бөлүмүнүн  2-пункту (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

31-март күнү шектүү катары Бишкек шаардагы жаңы конуштардын биринде жашаган 1996-жылы туулган С.И. менен Сокулук районунда жашаган 1998-жылы туулган Э.Б. кармалган.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>