Бишкекте өткөн ишембиликке 11 миңдей адам чыкты

Бишкекте өткөн ишембиликке 11 миңдей адам чыкты

Бүгүн, 24-апрелде Бишкек шаарында жалпы ишембилик өтүп, ага 11 миңге жакын шаар тургуну катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калааны тазалоого 11 миңге жакын адам активдүү катышты. Алардын көпчүлүгү шаардыктар, муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, райондук кызматкерлер, ошондой эле уюмдардын, ишканалардын жана чарбалык субъектилердин өкүлдөрү.

Ошондой эле 111 тонна таштанды жыйналган. Мындан сырткары, 680 түп бак отургузулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>