Бишкекте өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев кармалды

Бишкекте өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев кармалды

9-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди кармады.

10-августта Биринчи май райондук сотунда Абдуллаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу каралат. Бул маалыматты анын адвокаты Тимур Карабаев “Азаттыкка” бышыктады.

“Бүгүн анын кармалышынын мыйзамдуулугу жана балким бөгөт чарасы да каралат” — деди адвокат.

«Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Абдуллаев «Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган» деген шек менен 2017-жылы 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган. 2018-жылы май айындаТашкент шаардык соту аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.

Айрым маалыматтар боюнча Абдуллаев кийинчерээк башка кылмыш иши боюнча да айыпталып, Өзбекстанда ага издөө жарыяланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>