Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери коменданттык сааттын убактысын 1 миңден ашык адам бузду

Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери коменданттык сааттын убактысын 1 миңден ашык адам бузду

Бишкекте өзгөчө абал киргизилгенден бери коменданттык сааттын убактысын 1 миң 76 адам бузган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«2020-жылдын 25-мартынан тартып Бишкекке өзгөчө абал киргизилди. Ошол күндөн 1-апрелге чейин, коменданттык убакытты 1076 адам бузган. Алардын ичинен 145 аял, 931 эркек жана 14 өспүрүм», — деп маалымдады Орозалиев.

Комендант коомдук тартипти 3 миңден ашык милиция кызматкери жана Генералдык штабынын аскер кызматкерлери көзөмөлдөп жатышканын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>