Site icon Reporter.kg

Бишкекте №10 жана №9 троллейбустун каттамдары токтотулду

Бишкек шаарында №10 жана №9 троллейбустун каттамдары айрым көчөлөрдүн оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык троллейбустук башкармалыктан билдирди.

Маалыматка ылайык, Москва көчөсү Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин ремонт иштери жүрөт. Мындан улам оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу троллейбустун каттамдары токтойт.

Ал эми №6 троллейбустун маршруту Асанбай кичирайонуна чейин жүрсө, №4 жана №8 троллейбустар Бейшеналиев көчөсү аркылуу Киев менен жүрөт.

Exit mobile version