Бишкек шаарында 12-июлдан тарта №104 автобус каттамы иштеп баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
№104 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы “Эне-Сай” конушунда жана “Орто-Сай” айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 15-17 мүнөттү түзөт.