Site icon Reporter.kg

Бишкекте №17 троллейбустун ордуна автобус жүрө баштады

Бүгүн, 14-февралдан тарта Бишкекте мурдагы №17 троллейбус каттамынын ордуна автобус жүрө баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

№17Т автобус мурда №17 троллейбус каттаган жол менен жүрөт. Бул каттам боюнча автобус 12-кичирайондон Булгаары заводуна чейин («Дордой» базары) барат.

Эскерте кетсек, былтыр мэрия борбор калаадагы троллейбустарды каттамдан алган. Шаардагы 100 троллейбус Ош шаарына, дагы бир нечеси Нарынга берилген.

Шаар тургундары, активисттер троллейбустардын каттамдан алышына каршы чыгышкан. Бирок мэрия аларга кулак аспай, троллейбустар автобустарга, андан тышкары 2025-жылы келе турган 120 электр автобустарына алмаштырыла турганын билдирген.

Быйыл 13-январда вице-мэр Жамалбек Ырсалиев шаарда калган 52 троллейбус электр автобус кылып жасаларын билдирген.

Бишкектин мэриясы 52 троллейбусту электр автобус кылып жасап чыгат

Exit mobile version