Социалдык мончо салынат. Бишкекте №2 мончону бузуу иштеринин видеосу

Социалдык мончо салынат. Бишкекте №2 мончону бузуу иштеринин видеосу

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Жибек-Жолу проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №2 мончону бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэрдин айтымында, эскилиги жеткен имараттын ордуна социалдык мончо курулуп, шаардыктарды ыңгайлуу баада тейлейт.

«Борбор калаада соода борборлору же көңүл ачуучу оюн-зоок жайларын гана эмес, социалдык объектилерди дагы куруу керек. Биз шаар тургундарына ыңгайлуу, заманбап талаптарга жооп берген, бардык шарттары менен социалдык мончо куруу иштерин баштадык. Ал эми  куруу иштери  шаардык бюджеттен каржыланууда», — деди мэр.

Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жаңы мончо жана эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жаңы комплекс жер төлөсү бар эки кабаттуу имарат болот. Имараттын жалпы аянты 1404 чарчы метрди түзөт.

Жаңы мончодо бассейн, дарылоо жана массаж бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү, жакшыртуу пландалууда.

Белгилей кетсек, имарат 1958-жылы пайдаланууга берилген жана андан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 10 жыл мурун комиссия аны авариялык абалда жана оңдоого жатпайт деп  таанылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Мончо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>