Site icon Reporter.kg

Бишкекте 1-июндан тарта таза сууга тариф көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңеши таза сууга жана канализацияга болгон тарифтин баасын көтөрүү боюнча токтом долбоорун колдоду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, токтом 1-июндан тарта күчүнө кирет.

Документке ылайык, бир куб метр таза суу:

— шаар тургундары үчүн 8,1 сомдон 10,45 сомго;

— бюджеттик мекемелер үчүн 9,1 сомдон 12,95 сомго;

— башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдон 18,5 сомго кымбаттайт.

Ал эми канализацияга болгон тариф төмөнкүдөй:

— шаар тургундары үчүн 2,3 сомдон, 3,45 сомго;

— бюджеттик мекемелер үчүн 3 сомдон 4,5 сомго;

— башка керектөөчүлөр үчүн 6 сомдон 9 сомго жогорулайт.

Белгиленгендей, “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоору” боюнча алынган насыяны төлөө жана бул тармактагы техникалык тейлөөнү жакшыртуу үчүн бааны көтөрүү муктаждыгы жаралган.

“Тарифти өзгөртүүгө шаар тургундарын таза суу менен камсыздоодогу коопсуздук жана гигиеналык талаптарды аткарууга, саркынды сууларды тазалоо, суу-канализация түтүктөрүн жаңылоо иштери жасалат”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version