Site icon Reporter.kg

Бишкекте 1-октябрда шаардын бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

суу

Келерки аптада, 1-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Суу Күрөңкеев — Абдрахманов – Элебесов — Бельская көчөлөрү — Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары – Чоң Чүй каналы — Саадаев көчөлөрү менен чектелген аймакта өчүрүлөт. Ошондой эле «Красный строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» конуштарында суу болбойт.

Таза суу эртең мененки саат 09:00дон түнкү саат 02:00го чейин жок болот. Суунун өчүрүлүшү «Северный» суу кампасындагы жана шаардагы куурларды оңдоо иштери менен байланыштуу.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана тургундарды сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Exit mobile version