Бишкекте Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына, Ноорузга карата 1 тонна 200 литр сүмөлөк даярдалууда. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, иш-чарага парламенттин депутаттары, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышууда. Ал 40 уурунун өкүлдөрү менен бирге өткөрүлүп жаткандыктан «Ынтымак сүмөлөгү» деп аталат.
Сүмөлөк — перс жана түрк элдеринин майрамдык тамагы. Ал өнгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз