Site icon Reporter.kg

Бишкекте 100 миң сом жардам алгандар кандай иштерди башташты?

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев «Социалдык келишим» программасы боюнча ар бирине 100 миң сомдон жардам алган 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көчмө жыйындын жүрүшүндө аким турак-жай шарттары жана социалдык келишим аркылуу чакан бизнести алдыга жылдыруу менен таанышты.

2022-жылы аз камсыз үй-бүлөлөр менен 71 социалдык келишим түзүлгөн:

— 40 үй-бүлө тигүүчү машиналарды сатып алып, буйрутмаларды алып, үйүндө тигүү иштерин жүргүзүштү;

— 13 соода (кийим-кече, жашылча-жемиштер);

— 6 таттууларды жасоо (торт жана печенье);

— 9 репетитор, фото-видео тартуу, сайма сайуу, самын жасоо жана башка;

— 3 такси кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун алган үй-бүлөлөр үчүн Министрлер кабинетинин токтомун аткаруу максатында финансылык сабаттуулук боюнча окуттуу өткөрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version