Site icon Reporter.kg

Бишкекте 100 жылдык эски жыгач суу түтүк табылды — сүрөт

«Бишкексууканал» ишканасынын кызматкерлери шаардын Балтагулов көчөсүндө эскилиги жеткен 100 жылдык жыгач суу түтүгү таап алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы табылган түтүктүн диаметри 300 миллиметрди түзөт. Ал өткөн кылымда шаар тургундарына суу берүү үчүн орнотулган алгачкы түтүк болуп эсептелет.

Бишкекте суу түтүктөрү алгач 1929-жылы 9 чакырымга жерге тартылган. 30 жылдан кийин 1960-жылдары кайра алмаштырылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version