Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарында 12 жаштагы өспүрүмдү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-декабрда саат 07:50 чамасында Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу унаасы менен Б.Э. аттуу 2008-жылы төрөлгөн баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматы издөө иш-чараларын жүргүзүп, 16-декабрда кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран кармалган. Унаа убактылуу атайын жайга токтотулуп, иш Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.