Бишкекте 12 жаштагы бала изделүүдө

Бишкекте 12 жаштагы бала изделүүдө

Бишкек шаарынын 12 жаштагы тургуну Бебез Саид Идирисович 16-сентябрдан  бери дайынсыз.

Бул тууралуу анын апасы Свердлов райондук милициясына арыз менен кайрылган. Анын айтымында уулу жогоруда көрсөтүлгөн күнү, саат 15:00 чамасында “Дордой” жаңы конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.

Учурда баланын кайда жүргөндүгү тууралуу маалымат жок. Свердлов райондук милициясы бул фактыны жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган.

Бала ошол күнү мектеп формачан, үстүндө ак көйнөк, кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.

Бишкек шаардык милициясы жана баланын ата-энеси Бебез Саидди көрүп-байкап калгандар болсо (0553)102387, (0702) 228505, (0702 )498888, (0552) 102743 и 102 телефонуна билдирип коюуну өтүнөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>