Бишкекте 12 жаштагы кызды зордуктаган шек менен Өзбекстандын 34 жаштагы жараны кармалды

Бишкекте 12 жаштагы кызды зордуктаган шек менен Өзбекстандын 34 жаштагы жараны кармалды

Бишкекте 12 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен Өзбекстандын 34 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу шаар милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 12 жаштагы кыздын зордукталганы боюнча маалымат милицияга 5-октябрда түшкөн. Ошол күнү кечки саат 6лар чамасында азият түспөлүндөгү 25-35 жаштагы киши өспүрүм кызды зордуктаганы аныкталат. Окуя Чоң Чүй каналы менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кылмышка шектүү 10-октябрда колго түшүп, ал Өзбекстандын 34 жаштагы жараны болуп чыкты. Бишкекте убактылуу жашап, курулушта иштеп жүргөн. Өз мекенинде буга чейин бейбаштык үчүн соттолгон киши жаш кызды зордуктаганын мойнуна алды.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>