Site icon Reporter.kg

Бишкекте 13 жаштагы кыз 7 жаштагы сиңдисин өлтүрүүгө шектелүүдө

Кыргызстандын борборунда 13 жаштагы кыз жети жаштагы сиңдисин өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул маалыматты Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

Мекеменин маалыматы боюнча, бүгүн таңкы саат 04:57 чамасында милицияга жашы жете элек кыздын денесине оор залал келтирилгени тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган. Шектүү катары маркумдун 13 жаштагы эжеси Э.И. мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда РИИБге жеткирилген.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда трагедиянын жагдайларын тактоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version