Site icon Reporter.kg

Бишкекте 1,4 млн сомдук кафелдерди уурдаган деп төрт жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектелген төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 16-январда белгисиз адамдар Лев Толстой көчөсүндөгү кампага кирип, 1 млн 443,7 миң сомдук кафелдерди уурдап кеткен. Кафелдердин ээси милицияга арыз жазган.

Аталган факт боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 24 жаштагы А.С., 41 жаштагы А.Н. 19 жаштагы С.А. жана 25 жаштагы А.Ж. аттуу төрт жаран кармалган.

Учрди иликтөө иштери уланууда.

Exit mobile version