Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдөн боюн таштады

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдөн боюн таштады

Бишкектеги  Матросов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жетинчи кабатынан 14 жаштагы өспүрүм секирип кетти. Бул тууралуу шаардык комендатуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя тууралуу маалымат Октябрь райондук милициясына 19-апрель күнү саат 17:05 чамасында түшкөн.

 Аталган өспүрүм “Тез жардам” кызматы баргыча алган жаракатынан улам эсине келбей каза тапкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда өспүрүмдүн мындай окуяга кабылышына эмне себеп болгону аныкталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>