Site icon Reporter.kg

Бишкекте 14 жаштагы Феруза үч күндөн бери дайынсыз болууда

Бишкекте жашы жете элек кыз дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 9-апрелинде И.И. 7-апрелде саат 14:30 чамасында Новосельская көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбеген 2007-жылы туулган кызы Сыдыкова Феруза Эрлановнаны издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Бүгүнкү күнгө чейин анын жүргөн жери белгисиз.

Белгилери: бою 160 см, орто дене түзүлүштө, чачы ийнине чейин жетет.

Анын кийими: кара көйнөк, кара булгаары куртка, бутунда кара спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: болжол менен 7 см болгон аппендициттен кийин оң жагында тырык бар.

Милиция Сыдыкова Феруза Эрлановнанын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардын баарынан төмөнкү телефон номерлери боюнча кабарлап коюуну суранат: 0 553 10-23-87, 0 557 11-94-10, 0 702 49-88-88, 0 709 33- 24-63 жана 102.

Exit mobile version