Site icon Reporter.kg

Бишкекте 15 жашар кыздын өлүмүнө шектелип атасы кармалды

Бишкекте ур-токмокко кабылып өлгөн 15 жаштагы өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүү катары атасы кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Такталгандай, 6-июл күнү саат эртең менки саат тогуздар чамасында борбор калаанын  кичи райондорунун биринде аёсуз сабалган жаш кыздын каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө-топ 15 жаштагы кыз алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болгонун аныктакшан.

Бул факты Жазык кодесиндеги 130-берене (“Адам өлтүрүү”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталган.

Милициянын кайгуул кызматы бул кылмышка шектүү катары каза болгон кыздын атасын колго түшүрүшүп, тергөөчүлөргө өткөрүп беришкен.

Exit mobile version