Site icon Reporter.kg

Бишкекте 15 жаштагы баланы урган адам кармалды (видео)

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм баланы урган адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 19-апрелде аял киши кайрылган. Ал билдиргендей, анын 2009-жылы туулган баласын бир адам эч себепсиз урган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык  кылмыш иши козголуп, соттук-медицинадык эктпертиза дайындалган.

Бул ишке шектүү катары 33 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Милиция өспүрүмдөргө зомбулук көрсөткөн адамдар жазага тартыларын эскертет.

Exit mobile version