Site icon Reporter.kg

Бишкекте 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды (видео)

Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 24-ноябрда милицияга аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ошол күнү болжол менен саат 08:47де Жибек Жолу менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран 2008-жылы туулган тууганын (кыз киши) зордуктоого аракет кылганын билдирген. Бирок көчөдө кишилер болгондуктан, кылмышкер изин жашырып кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (зордуктоого аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы Д.Ж. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version