16-июндан тарта Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүнө коммуналдык кызматтар ысык суу бере баштайт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКдан билдиришти.
Ишкананын айтымында, суу менен камсыздоого даярдык иштери аяктап баратат, суу бүтөөрү менен дароо агып баштайт.
Эске салсак, Бишкек шаарында борборлоштурулган ысык суу жыл сайын жүргүзүлүүчү пландык оңдоо иштерине байланыштуу 16-майда өчүрүлгөн.