Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм 4-кабаттан кулап түштү

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм 4-кабаттан кулап түштү

Бишкекте 16 жаштагы өспүрүм курулуп жаткан үйдүн 4-кабатынан кулап түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 6-сентябрда, шаардагы Курчатов көчөсүндө болгон.

Учурда өспүрүм Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер баланын мээсине кан куюлуп, баш сөөгү сынгандыгын жана мээси чайкалгандыгын айтышууда. 

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, баланын кулашынын себептери иликтенүүдө.

иллюстрациялык сүрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>