Бишкектеги эс алуу жайларынын биринде 18 миң сом уурадаган деп шектелип, 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-ноябрда таңга маал Т.М. аттуу аял эс алуу жайларынын биринде 18 миң сомун уурдап кетишкенин айтып, милицияга кайрылган. Ыкчам-иликтөө ишинин натыйжасында 2001-жылы төрөлгөн С.В. аттуу кыз кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.