Site icon Reporter.kg

Бишкекте 19 жаштагы кыз адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында саат 08:30 чамасында Бишкек шаарынын ИИБнын 102-Башкы башкармалыгынын кызматына 3-кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен өрт чыгып, адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Октябрь РИИБнин шаардык милициясынын 3-бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп, ал жерден 1991-жылы туулган А.С.нын зомбулуктун белгилери менен сөөгү табылган. .

Аталган факты Октябрь районунун ИИБнин РИИБге катталып, «адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Октябрь РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган А.И., кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал учурда Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Exit mobile version