Site icon Reporter.kg

Бишкекте 19 жыл мурун кайненесин жаакка чаап камалган киши акталды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 1974-жылы туулган Александрдын (аты-жөнүн редакция тарабынан өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, 2001-жылы 12-апрелде саат 06:00дөр чамасында Александр үйүндө мас абалындагы аялын көргөн. Ал эмне себептен мас экенин сурап, кыйкыра баштайт, урушту угуп, бөлмөгө кайненеси кирип, күйө баласына тынчтантып, кызына кол көтөрбөөнү суранат. Александр аны түртүп, жаагына урган, ал шкафка урунуп жерге кулап, жаракат алган.

Сотто айыпталуучунун адвокаты кылмыш ишин козгоонун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кылмыш ишин токтотуу жөнүндө өтүнүч келтирген.

Натыйжада сот кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу токтотуп,  Александрды камактан бошоткон. Ал Бишкектеги СИЗО-1де кармалып турган.

Exit mobile version