Site icon Reporter.kg

Бишкекте 20-июндан тарта балдар үчүн батуттарга чек кирет

Жылуу күндөрдүн башталышы менен сейил бактарда жана сейилдөө аймактарында балдар ойноочу батуттар пайда боло баштады, бул биринчи кезекте балдардын жана алардын ата-энелеринин коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-июнунан тарта Биринчи май районунда белгиленбеген жерлерде: сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда ж.б.у.с. батуттарды колдонууга толук тыюу салуу күчүнө кирет.

Батуттарды жабык же адистештирилген жайларда, ири соода борборлорунда жана оюн-зоок парктарында гана орнотууга туура келет.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы №71-б «Белгиленбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө» буйругуна ылайык көрүлгөн.

Exit mobile version