Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдөн жол киреге 20 сомдон алган маршруттук каттамдын айдоочусуна айып салынды. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Жолдор жана транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 12-августта болгон. Айдоочу саат 23:00дөн кийин жүргүнчүлөрдү ташып, жол акысына 20 сомдон алган.
“Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан саат 23:00дөн кийин мыйзамсыз түрдө 20 сомдон ташып жүргөн айдоочуга протокол түзүлдү. Ага 85 эсептик көрсөткүчтө айып салынды”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.