Site icon Reporter.kg

Эки миң адам катышты. Бишкекте велосезондун ачылышы болду

Бишкекте бүгүн, 2-апрелде быйылкы жылдын велосезонунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага велосипедчен эки миң адам, анын ичинде мэр Эмилбек Абдыкадыров катышкан. Веложүрүш «Ала-Тоо» аянтынан башталып, Д. Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багында жыйынтыкталган.

Спорттук иш-чара Mega компаниясы, Велоfriends позитив KG бейөкмөт уюму тарабынан мэриянын колдоосу менен уюштурулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version