Бишкекте 21-майдан тарта кайсы ишкерликтин түрлөрүнө уруксат берилет? Тизме

Бишкекте 21-майдан тарта кайсы ишкерликтин түрлөрүнө уруксат берилет? Тизме

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал турукташа элек. Ошондуктан коомдук транспорттун иштеши дагы деле талкууда. Бул  тууралуу борбор калаанын бийлиги билдирди.

«Республикалык штаб менен макулдашылып, бир катар экономикалык иш-аракеттерди 2020-жылдын 21-майынан баштап жандандырдык.

Эске салсак, инфекцияга каршы күрөштүн оң динамикасы менен, планга ылайык, эки күндүн ичинде соода тармагы, калкты тейлөө борборлору, мончо жана курорттук борборлор, репетитордук кызматтар жана мамлекеттик кызматтар иштей баштайт.

Соода борборлорунун ачылышына даярдыктар башталды. Алардын айрымдары бул маселеге өтө жоопкерчилик менен карашты. «Бишкек парк» соода борборунун жана ГУМдун администрациясы коронавирустун жайылышына каршы иш-чаралардын планын жана кызматкерлердин, коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыкты», деп жазылат Бишкек мэриясынын маалыматында.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>