Бишкекте кудукка түшүп кеткен 21 жаштагы бала куткаруучулар тарабынан чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 9-октябрь күнү таңкы саат 05:35тер чамасында Абдрахманов жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда кудукка 1999-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барып, кудуктан чыгарышкан. Аны «Тез жардам» кызматы атылп кеткен.
Учурда абалы канаатандырарлык экени айтылат.