Site icon Reporter.kg

Бишкекте 3 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарындагы 3 гектар жер курулуштары менен бирге мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, борбор калаанын жергиликтүү бийлик органдары мамлекеттин үлүшү бар «А.Ж.» ишканасына автотранспорт ишканасын түзүү жана автоунаа токтотуу жай курууга 5,5 гектар жер тилкесин өткөрүп беришкен. Аталган ишкананын акционерлердин бири мамлекеттик мүлктү башкаруу органы болгон.

Менчиктештирүү мезгилинде мамлекеттик мүлктү башкаруу органынын ишканадагы акциялары башка акционерлер тарабынан жол-жобону бузуу менен арзан баада сатып алынган. Ошол эле учурда жанагы 5,5 гектар жер аталган ишкананын менчигинде калган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган объектинин ээси А.А.К. акционерлер менен биргеликте 5,5 гектар жерди бөлүп, 3 гектарын, андагы бардык курулуштары менен мамлекеттин балансына өткөрүп беришкен.

 

Exit mobile version