Site icon Reporter.kg

Бишкекте 3-июлда Атамбаевдин катышуусунда митинг өтөт

Бишкекте 3-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда митинг өтөт. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Адил Турдукулов Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Медиафорум» имаратынын алдында «эски элитага каршы» тынчтык митинги өтөт. Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүндө чогулушуп, элдик штабда иштеп жатышканын КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да маалымдаган.

Эскерте кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыраткан. Ага Башкы прокуратура 5 айыпты аныктаган: Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу; Кой-Таш айылында Атамбаев турак жай салган жер тилкени мыйзамсыз сатып алуу; Акча адалдаган «Ака Петролеум» жана «АКА Инвест» компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү; Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча; ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы боюнча.

Exit mobile version