Site icon Reporter.kg

Ири көлөмдөгү баңгизат менен чет элдик жаран кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргызстандын аймагында баңгизаттарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК  Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын (жалпы салмагы 2,98 кг. гашиш) сатууга аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран Н.К.М. кармалган.

Учурда кармалган адам КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Exit mobile version