Site icon Reporter.kg

Бишкекте 30 жаштагы адам курулуп жаткан имараттан кулап каза болду

«Айчүрөк» соода борборунун артына курулуп жаткан имараттан кулаган 30 жаштагы жаран каза болду. Бишкек шаардык милициядан кабарлагандай окуя 12-июль күнү  болгон.

Маалыматта айтылгандай, жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан ал алган жараатынан улам каза болгон.

Шаардык милиция бул фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Exit mobile version