Бүгүн, 20-январда Бишкекте жаран Башкы прокуратуранын жанында өзүнө өрт койду. Октябрь райондук милициясы анын себебин түшүндүрдү.
Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн түштө «102» кызматына Башкы прокуратуранын маңдайындагы унаа токтотуучу жайда эркек киши өзүнө өрт койгону тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча териштирүү жүрүп, өзүн өрттөгөн жаран 30 жаштагы М.Э. экени, буга чейин, акчасын алдырып койгонун айтып, эки факт боюнча милицияга арыз жазганы аныкталган.
Биринчи арыз
Ал биринчи арызын 2024-жылы 17-июлда жазып, 2023-жылы 4-октябрда бир киши (М.А. уулу) 63 миң долларлык мүлкүн алдап алып койгонун билдирген.
Арадан 4 ай өткөндөн кийин, 2024-жылы 17-ноябрда жанагы адамга (М.А. уулуна) Кылмыш-жаза кодексинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин ал кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынган. Кылмыш иши тергелип бүткөн соң Октябрь райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.
Кийинчерээк бул иш боюнча айыпталуучу (М.А. уулу) кое берилген.
Экинчи арыз
Экинчи арызды ал бөлөк кишинин (Т.А.нын) үстүнөн арыз жазып, 500 миң доллар акчасын алдырып койгону тууралуу билдирген. Бирок милиция кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Биринчи арыз боюнча айыпталуучунун кое берилгени, экинчи арызы боюнча кылмыш иши козголбогондугу анын өзүнө өрт коюусуна себеп болгон.
Милиция өзүн өрттөөгө барган жарандын (М.Э.нин) 500 миң долларга байланыштуу экинчи арызы боюнча да маалыматты тактаган. Ага ылайык аталган акчанын 414 миң 719 доллары башка адамдыкы (А.И.ники) болгон. Бул факт боюнча ал (А.И.) Биринчи май районунун милициясына (Т.А.нын үстүнөн) арыз жазып, былтыр 3-декабрда кылмыш иши козголгон.
Октябрь райондук милициясы аталган факт боюнча Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголгондуктан, М.Э.нин (өзүнө өрт койгон жарандын) арызы боюнча жүргөн териштирүү иштеринин материалдарын Биринчи май РИИБине өткөрүп маселеси кароодо болгонун билдирди. Иликтөөнүн алкагында тараптардын жүйөлөрү изилденип, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынары айтылды.