Site icon Reporter.kg

Бишкекте 32 жаштагы Улукбек эки айдан бери дайынсыз болууда

Бишкек шаарында былтыркы жылдын 2-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткан 32 жаштагы Улукбек Шаршенбек уулу табыла элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-декабрда Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө борбор калаанын тургуну кайрылып, күйөөсү 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Акыркы жолу байланышканда, күйөөсү мончодо экенин айткан.

Ага байланыштуу 28-декабрда шаардык милиция коомчулукка кайрылып, издөө иштерине жардамдашууну суранган.

Белгилери: бою 180-185 см, дене түзүлүшү олбурлуу, чачы кара.

Кийген кийими: кара куртка, кара жинсы шым, күрөң водолазка, кара өтүк.

Милиция Шаршенбек уулу Улукбектин жүргөн жерин билгендер же көргөндөр болсо, 0500 607 067 телефонуна жана 102 кызматына байланышууну суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version